Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

Өкмөт башчы Токтогулдагы окуучунун өлүмүн тыкыр иликтөөнү тапшырды


Премьер-министр Темир Сариев Токтогулда киши колдуу болуп өлгөн 11 жашар кыздын өлүмүн тыкыр иликтөөнү вице-премьер Абдырахман Маматалиевге тапшырды.

25-сентябрда Токтогулда 6-класста окуган кыз дайынсыз жоголгон. Кийинчерээк анын жансыз денеси табылып, кылмышка шектүү катары мурда алты жолу соттолгон адам кармалган.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Сариев шектүү жаран акыркы жолу камалып, узак мөөнөткө соттолгону менен төрт жылда эркиндикке чыгып кеткенинин себебин иликтөө тапшырмасын берди. Анын жыйынтыгы укуктук баа берүү үчүн Сотторду тандоо кеңешине сунушталат. (SE)

XS
SM
MD
LG