Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

Жапония сириялык качкындарга 810 млн. доллар жардам берет


Жапония сириялык качкындарга жардам катары 810 миллион доллар бермей болду деп кабарлайт өлкөнүн коомдук NHK телеканалы. Бул өлкөгө 2014-жылы 5 миң киши баш калка сурап кайрылып, алардын он бирине гана Жапонияда жашоого расмий уруксат берилген.

Премьер-министр Синзо Абе Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы жыйынында миграциялык саясатты жеңилдеткени тууралуу сөз сүйлөйт деп божомолдонгон. Эл аралык Amnesty уюму баштаган 14 бейөкмөт уюм Абенин БУУдагы кайрылуусунда сириялык качкындар тууралуу да билдирүү жасоосун талап кылган. Токио ушул айда качкындарга карата саясатын өзгөртөрүн жар салган. Бирок коомдук активисттер мындай өзгөрүүлөр качкындар үчүн шарттарды дагы татаалдаштырат деген пикирде.

Жапониянын тышкы иштер министри 25-сентябрда сириялык качкындардын Ливандагы лагерине эки миллион, Сербия жана Македония сыяктуу Батыш Балкан өлкөлөрүнө качкындар үчүн эки миллион доллар жардам берилерин маалымдаган. АКШ качкындарга кошумча 419 миллион доллар берерин жарыялады. Буга чейин кылган жардамдын жалпы суммасын 4.5 миллиард доллар деп чыгарышууда.(BCh)

XS
SM
MD
LG