Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:07

Бишкек мэри БШК эскертүүсүнө макул эмес


Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов Борбордук шайлоо комиссиясы берген эскертүүгө макул эмес. Бул тууралуу калаа башчы билдирүү таратып, БШК чечимин негизсиз деп атады.

Кечээ БШК Кулматовго саясий партиялардын үгүт өнөктүгүнө аралашканы үчүн эскертүү берген. Буга мэр "Республика Ата-Журт" партиясынын программасын сындап, партия тизмесинде шайлоого аттанган Мирлан Жээнчороев менен сөз талашканы себеп болгон. Мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкер үгүт өнөктүгүнө кийлигишүүгө акысы жок.

Бирок калаа башчы программа боюнча журналисттердин суроосуна гана жооп бергенин, аны “Республика Ата-Журт” өкүлү арбытып жибергенин белгиледи.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 14 партия ат салышууда. Шайлоо алдындагы бир айлык үгүт өнөктүгү 3-октябрда токтойт. (SE)

XS
SM
MD
LG