Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:37

Кыргызстандыктар кафе-ресторандарга көп акча коротот


Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда сайрандоого, эс алууга, кино-концерттерге барууга акча сарптоо былтыркыдан 1 пайызга азайды. Ошол эле учурда элдин кафе, ресторандарга жана мейманканаларга короткон чыгашасы, тескерисинче, алты пайызга өскөн.

Статистикалык маалыматтар боюнча, үстүбүздөгү сегиз айда кыргызстандыктар бул үчүн 10,6 млрд. сом сарпташкан.

Улуттук статистикалык комитеттин белгилөөсү боюнча, өлкөдөгү номиналдык орточо айлык акынын көлөмү 12 605 сомду түзөт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG