Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Керри: АКШ-Орусия Сирия боюнча фундаменталдык принциптерди макулдашты


АКШ жана Орусия президенттери жолуккан учур. Нью-Йорк, 28-сентябрь, 2015-жыл.
АКШ жана Орусия президенттери жолуккан учур. Нью-Йорк, 28-сентябрь, 2015-жыл.

Бул тууралуу мамлекеттик катчы Жон Керри бүгүн америкалык MSNBC телеканалындагы маегинде билдирди. Керринин айтымында, президенттер Обама менен Путиндин кечээги жолугушуусунда Сирия боюнча кызматташтыктын айрым фундаменталдык принциптери макулдашылды.

Бирок АКШ мамлекетттик катчысы Орусия президент Башар Асадды бийликтен кетирмейин Сирияда тынчтык орнобосун түшүнүүсү керектигин белгиледи. Жон Керри кошумчалгандай, ал эртең кайра орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугат.

Керринин алдында бүгүн Лавров мамлекет башчылардын сүйлөшүүсүн “абдан конструктивдүү” деп мүнөздөп, анда АКШ менен Орусиянын Сирия боюнча кызматташуусунун мүмкүнчүлүктөрү каралганын билдирген эле.

Орус тышкы иштер министри белгилегендей, эки президент алардын жалпы максаты - “Ислам мамлекети” террордук тобун жеңүү экенин макулдашты.

Президенттер Обама менен Путиндин акыркы эки жылдан берки алгачкы көзмө-көз сүйлөшүүсү кечээ БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйыны учурунда өткөн. Путин сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында орус аскерлеринин Сириядагы операцияларга кургактан аралашуу мүмкүнчүлүгүн четке какты.

АКШ буга чейин Орусиянын Сирияда өзүнүн аскерий кубатын чыңдап, ага катар президент Башар Асадга аскерий жардам көргөзүп жатышын сынга алган.(UE)

XS
SM
MD
LG