Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Бир күндө өрт кырсыгынан дыйкандардын 10 тонна, 1,5 миң түк чөбү күйүп кетти


Соңку бир сутка ичинде Кыргызстандын аймагындагы айыл-кыштактарда дыйкандардын 10 тонна жана 1,5 миң түк чөбү күйүп жок болду. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Көлдүн Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында 1 тонна, Ак-Суу районунун Жолголот айылында 800 түк чөп күйгөн.

Оштун Алай районуна караштуу Гүлчө айыл аймагында 2 тонна, Өзгөн шаарында 4 тонна чөп, 1 тонна жүгөрү сото жок болду.

Жалал-Абадда Ала-Бука районунун Ызар айылында 350 түк, Баткендин Макаев айылында 200 түк, 1 тонна эндей чѳп күйгѳн.

Нарындын Жерге-Тал айылында дыйкандын 2 тонна чөбү күйүп кетти.

Өрт өчүргүчтөрдүн айтымында, кырсыкка этиятсыздык жана балдардын шоктугу себеп болууда.

Соңку сутка ичинде Кыргызстан аймагында 12 өрт кырсыгы кааталды. (RK)

XS
SM
MD
LG