Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:47

“Кыргызстан элдер конгресси” БШКдан эскертүү алды


Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан элдер конгресси” партиясына каржылык мыйзам бузуу үчүн расмий эскертүү берди. БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиевдин айтымында, аталган партия 19-августта курултай өткөрүү үчүн Бишкектеги Тарых музейинин залын ижарага алып, 10 миң сом төлөгөн. БШКнын белгилешинче, бул расмий шайлоо фондун кыйгап өтүү катары бааланат.

- Бул факт “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 41-беренесин бузгандык болуп саналат. Мындан улам аталган партияга мыйзам чегинде расмий жазуу түрүндө эскертүү берилет, - деди Асаналиев.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Жогорку Кеңештеги 120 орунга 14 партиядан 2 миңден ашуун талапкер ат салышууда.(AzK/TSh)

XS
SM
MD
LG