Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

Москва Сириядагы аба соккусун ырастады


Орусиянын Су-34 аскер учагы.
Орусиянын Су-34 аскер учагы.

Орусиянын аскер учактары Сирияда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна тиешелүү деп эсептелген жайларга сокку урганын өлкөнүн коргоо министрлигинин маалымат катчысы Игорь Конашенков билдирди. Мунун алдында АКШнын бийлик өкүлү Орусия Сириянын Хомс шаарынын тегерегинде аба соккуларын ура баштаганы тууралуу маалыматтар түшүп жатканын айтып чыккан эле.

Бүгүн Орусиянын Федерация Кеңеши президент Путиндин Сирияда аскер колдонууга уруксат сураган өтүнүчүн колдоп берген. Кремлдин администрация башчысы Сергей Иванов сөз аскерий аба күчтөрүнүн операциясы тууралуу болуп жатканын, бул чечим Орусия кургактагы аскерлерин Сирияда пайдаланууга жол ачпастыгын айткан.

XS
SM
MD
LG