Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:27

Тогуз айда коррупция боюнча 662 кылмыш иши козголду


Башкы прокуратурадан “Азаттыкка” билдиришкендей, ушул жылдын тогуз айында жемкорлукка байланышкан 662 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 260тан ашуун иш сотко өткөрүлгөн. Башкы көзөмөл мекемесинин маалыматына караганда, негизги мыйзам бузуулар бюджеттик каражатты чыгымдоодо, мамлекеттик мүлктү пайдаланууда жана мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү учурунда жол берилүүдө. Мындан сырткары жергиликтүү өз алдынча башкаруу, саламаттыкты сактоо, билим берүү, курулуш тармагында да мыйзам бузулган учурлар көп катталган. Козголгон кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыян 225 млн. 223 миң сомду түзгөн. Тергөө учурунда анын 22 млн. сомго жакыны өндүрүлгөн.

Эл аралык Transparency International уюмунун дүйнөдөгү коррупциянын деңгээли боюнча жарыялаган баяндамасына ылайык, Кыргызстан былтыр 136-орунду ээлеген. 175 өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоодо Кыргызстан 27 упай менен жемкорлуктун деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарынан орун алган. Эксперттер өлкөдө коррупциянын жайылышына ыңгайлуу шарттар көп экенин айтып келишет.(КЕ)

XS
SM
MD
LG