Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Ошто Мырзакматовдун "Сен качкынсың!" жазуусу бар сүрөтү илинди


Абдылда Капаров Мелис Мызракматовдун «Сен качкынсың!» деген жазуусу бар сүрөтүн өз үйүнүн дарбазасына илди.
Абдылда Капаров Мелис Мызракматовдун «Сен качкынсың!» деген жазуусу бар сүрөтүн өз үйүнүн дарбазасына илди.

Ош облустук милициясынын мурунку жетекчиси Абдылда Капаров бүгүн Оштун экс-мэри Мелис Мызракматовдун «Сен качкынсың!» деген жазуусу бар сүрөтүн өз үйүнүн дарбазасына илди. Ал мындан сырткары «Азаттык» радиосу аркылуу буга чейин Мырзакматовду ачык колдоп жүргөнү үчүн элден кечирим сурады.

Капаров Мырзакматовдун «Сен качкынсың!» деген жазуусу бар сүрөтүн «Улуттар биримдиги» партиясынын штабынын алдында өрттөөгө, ушундай эле сүрөттөрдү БШКнын жана Жогорку Кеңештин дубалына илүүгө камынып жатканын айтты.

Бул боюнча Мырзакматовдун тарапкерлери азырынча эч кандай билдирүү тарата элек.

Абдылда Капаров буга чейин Мелис Мырзакматовду ачык колдоп жүргөн. Аны колдоо акцияларынын биринде президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөгөнү үчүн азыр да иши сотто каралууда.

Мырзакматов 2009-2013-жылдары мэр болгон. Ошто эстакада көпүрө курууда ири жемкорлукка барган деген айып менен быйыл 7 жылга сыртынан соттолгон. Өзү Кыргызстандан чыгып кеткен. Айыптоолорду саясий куугунтук деп атап келатат. (YI)

XS
SM
MD
LG