Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:49

Ошто студенттер арактын жарнамаларын өрттөштү


Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан чогулган 100гө чукул жаштар “Алымбек Датка” кичи районунда ичимдикке каршы атайын акция өткөрүштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулардын бири Калыбек Топчуев билдирди.

“Ичкиликке каршыбыз”, “Арактын арты өкүнүч” деген жазууларды кармаган жаштар бөтөлкөлөрдү сындырып, арактын сүрөтү тартылган жарнама кагаздарды өрттөштү.

Алар жол кырсыктарына жана үй-бүлөлөрдүн бузулушуна ичимдик себеп болуп жатканын эскертип, чогулгандарды спортко үндөштү.

Аракеч күйөөсүнүн кордугунан балдары менен өз үйүнөн качып жүргөн аялдардын укугун коргогон "Сезим" кризистик борборунун маалыматына караганда, 188 өлкөнүн ичинен Кыргызстан алкогол ичүү жагынан 107-орунда.

Республикалык наркология борборунда расмий каттоодо 40 миңден ашуун аракеч, 10 миңдин тегерегинде баңги турат. Бирок бул көрсөткүч чынында бир нече эсе көп экенин адистер айтууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG