Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:02

Stans Energy Москва арбитражынын Кыргызстан боюнча чечимин сотко берди


Stans Energy Corp компаниясы Москва арбитраждык сотунун Кыргызстандын пайдасына кабыл алынган чечимин сотко берди. Аталган компаниянын расмий сайтындагы маалыматка караганда, ал Орусиянын Жогорку Сотунун экономикалык талаштар боюнча соттук коллегиясына буга чейинки Москва арбитраждык сотунун чечимин жокко чыгаруу арызы менен кайрылган.

Компания Кеминдеги Куттуу-Сай кенин иштетүүгө берилген лицензияны жокко чыгарганы үчүн кыргыз өкмөтүнөн 118 миллион доллар доо өндүрүүнү максат кыларын билдирген.

Быйыл апрелде Москва арбитражы Куттуу-Сай боюнча кыргыз өкмөтүнүн арызын канааттандырган. Анда өкмөт Stans Energy компаниясынын арызы боюнча Москвадагы Соода-экономикалык палатанын алдындагы арбитраждын чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн.

Буга чейин аталган арбитраж кыргыз өкмөтүн 118 миллион долларга доого жыгуу боюнча чечим чыгарган. Анын негизинде Канаданын Онтарио соту Кумтөр долбоору боюнча Кыргызстандын 60 пайыздык акциясын камакка алган.

Канадалык Stans Energy компаниясы Куттуу-Сай кенин иштетүүгө 2009 - жылы лицензия алган. 2012-2013 - жылдары парламентте ал лицензиянын мыйзамдуулугу боюнча маселе көтөрүлүп, Бишкектеги район аралык сот лицензияны алып койгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG