Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:17

Шайлоочулардын саны боюнча Кара-Суу району алдыда


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Ош облусунун Кара-Суу районунан 187 миң 245 шайлоочу тизмеге кирди. Бул башка райондорго салыштырмалуу эң көп.

Андан кийинки кезекте Сузак району — 115 миң 872 адам, Кадамжай району - 83 миң 645 адам.

Ал эми шаарлардын ичинен Бишкекте 288 миң 999 шайлоочу, кошумча шайлоо участкаларында 79 миң 195 адам катталган. Ош шаарында 106 миң 231 шайлоочу бар болсо, кошумча шайлоо участкалары 27 миң 157 шайлоочуну каттады.

БШКнын маалыматына ылайык, Кыргызстан боюнча добуш берүүчүлөрдүн саны 2 миллион 761 миң 297. (ErN)

XS
SM
MD
LG