Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:09

Ошто эски учак темирге өткөрүлдү


Ош шаарынын Привокзальный көчөсүндө темир сатып алынуучу жайга AN-12 BP үлгүсүндөгү учактын борту сатылган. Атын атагысы келбеген ишкердин айтымында, аларга калдыкты Санжар аттуу жаран сатып кеткен. Тулкусу, канаты, ички механизмдери менен чогуу учакты алар 4 миң АКШ долларына сатып алышкан. Ал эми учакты саткан жаран, бардык документтери туура экенин жана аны жеке учагы бар жарандан сатып алганын айткан.

Укук коргоо органдары бул учакты соодалоонун мыйзамдуулугу боюнча комментарий бере элек.

Оштон топтолгон темирлер адатта Кытайга жеткирилет. Темир менен иштеген соодагерлерге буга чейин түрдүү транспорттор тапшырылганы менен, учак биринчи жолу сатылган.

Ош эл аралык аэропортунун аянтында ондогон эски, жараксыз учактар сакталат. Алардын айрымдары кыргызстандык компанияларга тиешелүү экени айтылса, көбү Украинадан ремонттоого келген учактар деген маалыматтар бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG