Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

Өлкө боюнча 19 миң 148 адам үйүндө добуш берет


Парламенттик шайлоодо добушканага барууга мүмкүнчүлүгү жок 19 миң 148 жаран үйүндө добуш берет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жаркын Бапанова “Азаттыкка” билдирди. Ден соолугуна байланыштуу шайлоо участкаларына келе албагандарга, улгайган кишилерге бюллетендер үйлөрүнө жеткирилип берилет. Шайлоо кутучаларын алып барган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен бирге биометрикалык маалымат текшерүүчү адис, милиция жана байкоочулар барат.

Бүгүн үйлөрдү кыдырып, добуш берүү жараяны башталды. Үйүнөн ооруп жаткандар, майыптар жана кары адамдар добуш бермекчи.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда добуш берүүчүлөрдүн саны 2 миллион 761 миң 297 жаранды түзөт. Анын арасында 15 миңден ашууну чет элде жашаган кыргызстандыктар. (TSh)

XS
SM
MD
LG