Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Шайлоо күнү милицияга онго жакын арыз түштү


Добуш берүү күнү республика боюнча милицияга онго жакын арыз түштү. Алардын дээрлик баары добуш сатып алуу жана техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу экенин Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов “Азаттыкка” билдирди:

- Ошол маселелердин баарын карап, арыздарды жергиликтүү шайлоо тилкелеринин жетекчилерине жана Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөттүк. Өзүбүз да арыздарды изилдеп жатабыз. Эгер шайлоо мыйзамына каршы аракеттер аныкталса, тийиштүү чараларды көрөбүз.

Күч органдары шайлоо тынч өткөнүн, саясий абал туруктуу экенин билдирди.

Парламенттик шайлоого байланыштуу 1-октябрдын 6-октябрга чейин милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөн. Шайлоо күнү аларга элдик кошуун өкүлдөрү да жардам берди. (SE)

XS
SM
MD
LG