Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

Коалиция: шайлоодо олуттуу мыйзам бузуулар болбоду


Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жүрүшүнө көз салган “Демократия жана жарандык коом коалициясы” добуш берүү жараянында олуттуу мыйзам бузуулар катталбаганын билдирди. Уюмдун өкүлү Гүлзада Медералиева “Азаттыкка” курган маегинде алар байкаган мыйзам бузуулардын көбү техникалык себептерге жана уюштуруу иштерине байланыштуу экенин айтты.

- Бирок алар шайлоонун жыйынтыгына таасир эте албайт. Ошентсе да тизмелерге байланыштуу жарандардын добуш берүү укугу бузулуп жатканын Борбордук шайлоо комиссиясына маалымдадык. Негедир БШК ал маселелерди чечүүдө ыкчам аракет көргөн жок.

Аталган уюмдун бир жарым миңден ашуун байкоочусу өлкө аймагындагы добушканаларга көз салды. Андан сырткары дагы 600дөн көп эл аралык байкоочулар болду.

4-октябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо 14 партия ат салышып, алтоо жеңишке жетти. Алар – КСДП, “Республика Ата-Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир Бол”, “Ата Мекен” партиялары. (SE)

XS
SM
MD
LG