Гватемала өлкөсүндө көчкү басып калган жүздөгөн кишилердин арасынан 96 адамдын жасаты табылды. Башкалардын денесин издөө уланып жатат.
2-октябрь күнү катуу жаандан улам баш калаадан 15 чакырым алыстагы Эл-Камбре-Дос конушунда үйлөрдү көчкү басып калган.
Өлкө бийлигине чет мамлекеттердин башчылары көңүл айтуу телеграммасын жөнөтүүдө.
Гватемала борбордук Америка чөлкөмүндө жайгашкан. (SE)