Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Текебаев: Өлкө демократия үчүн чоң жана маанилүү экзаменди тапшырды


Парламенттик шайлоого акыркы болуп 121 миң 847 добуш менен өткөн “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кайрылуу таратты.

Текебаев кайрылуусунда шайлоо компаниясы бул саясый жашоонун бир гана кичинекей бөлүгү жана ал эң башкысы эмес экенин белгилеп, парламентте “Ата Мекен” фракциясы бекем жана принципиалдуу болорун айтты.

Ошондой эле “Ата Мекен” башка партияларга добуш берген шайлоочуларга да ыраазычылык билдирип, эң башкысы элдин шайлоого катышуусу маанилүү экенин белгилейт. (TSh)

XS
SM
MD
LG