Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

Жихадчылар Пальмирадагы дагы бир тарыхый эстеликти талкалашты


“Ислам мамлекети” радикал тобунун жихадчылары байыркы Пальмира шаарындагы тарыхый дарбазаны талкалашты. Бул тууралуу сириялык активисттер маалымдашты.

Триумфалдык арка мындан эки миң жыл илгери Рим империясы менен Персияны байланыштырган жолдун таманында орун алган калаанын борборунда тургузулган. Сириядагы адам укуктарына байкоо салган уюмдун ырастоосунда, жоочулар эстеликтеги оймо-чиймелер исламга таандык эмес деп эсептешет. Эстелик Пальмиранын чордонундагы чоң коллонаданын чокусунда жайгашкан.

Согушкерлер буга чейин Сирия менен Ирактын аймактарындагы бир нече тарыхый жайларды урандыларга айлантышкан.

XS
SM
MD
LG