Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

Түрк премьери Орусияга эскертүү жасады


Түркия кимдир бирөө өлкөнүн аба мейкиндигин буза турган болсо, аскердик чара көрөөрүн эскертти. Мындай билдирүүнү премьер-министр Ахмет Давутоглу 5-октябрда жасады. Эки күн мурун түркиялык учактар Сирия менен чек ара аймагынын жанындагы мейкиндикте орусиялык учактарды аныкташкан. Буга чейин түрк тышкы иштер министрлиги түркиялык эки F16 учактары орусиялык учактарды Түркиянын аба мейкиндигинен коштоп чыгарышканын билдирип, окуяга байланыштуу Орусиянын элчисине нааразылык нотасын тапшырган.

Давутоглунун айтымында, Орусия тарап учактары Түркиянын мейкиндигин кокусунан бузушканын, мындай ката кайталанбасын билдирген. Премьер ошондой эле бул окуя эки тараптуу мамилеге залкасын тийгизбейт деп кошумчалады.

"Сирия маселеси – Түркия менен Орусия ортосундагы кризис эмес" деп белгилеген Давутоглу Москва жаңылыш аракетине баа берет деп ишенерин айтты.

Алдынкы күнү Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Москванын Сириядагы аскердик кампаниясын “олуттуу ката” катары сыпаттаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG