Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

Орусия ИМдин өңүттөрүн Каспий деңизиндеги кемелеринен аткылады


Орусиянын Каспий деңизиндеги кемелери Сириядагы “Ислам мамлекети” террордук тобунун өңүттөрүнө ракетадан сокку урушту. Коргоо министри С.Шойгу бул жөнүндө президент В. Путинге телеберүүдөн көрсөтүлгөн Москвадагы кездешүүдө маалымдады.

Төрт кемеден атылган 26 ракета 1 500 км учуп, Сириянын батышындагы буталарга тийди деди Шойгу. Ошондой эле: "30-сентябрдан бери 10 командалык борбор, 12 каруу жарак кампасы, 71 даана бронетехника, чабуулда колдонулчу миналарды жана жардыргыч заттарды жасачу алты ишкана менен фабрика жок кылынды",-деп кошумчалады Шойгу. Ал бирок ракеталар кайсы өлкөлөрдүн аба мейкиндиги аркылуу өткөнүн айтпады.

Путин Сириядагы аскердик операциянын ийгилиги тууралуу айтканга эрте деп, Шойгуга өнөктүктө АКШ, Түркия, Сауд Арабиясы, Иран жана Ирак менен кызматташууну буйруду.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG