Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Атамбаев менен Путин Сочиде бүгүн жолугушат


Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путин менен бүгүн, 8-октябрда Сочиде жолугушат. Ал Орусияга кечээ учуп келен. Өлкө башчынын аппаратынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усеновдун ырасташынча, президенттер жолугушууда кыргыз-орус экономикалык алака-катыштарды талкуулашат.

Сүйлөшүүлөрдө Евразия экономикалык биримдигинин шартындагы жаңы көйгөйлөр жана Орусия каржылай турган Жогорку Нарын каскаддары сыяктуу ири долбоорлор тууралуу да сөз болот.

7-октябрда орус президенти Владимир Путиндин туулган күнү болчу. Ал жеке майрамын хоккей аянтында белгилөө үчүн Сочиге атайын келген. (UEz)

XS
SM
MD
LG