Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

“Анна Политковская” атындагы сыйлык сириялык журналистке берилди


“Анна Политковская” атындагы эл аралык сыйлык быйыл сириялык Холуд Валид аттуу журналист аялга берилди.

Аны уюштурган “Согуштагы ар бир аялга жардам” аттуу бейөкмөт уюм Валиддин чыгармачылыгын жогору баалады. Валид “Enab Baladi” аттуу жашыруун чыккан гезитте жарандык согуш учурундагы Сириядагы жай тургундардын жашоосун чагылдырган. Ал иштеген гезиттин үч кызматкери өлтүрүлүп, бир нечеси камакка алынган.

“Анна Политковская” сыйлыгы Лондондо тогузунчу ирет тапшырылууда. Анын алгачкы лауреаты журналист Наталья Эстемирова болгон, ал 2009-жылы өлтүрүлгөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG