Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:28

Сирияда жанкечтиликке барган өзбек жигит сузактык экендиги аныкталды


Сириянын Идлиб провинциясына караштуу Фуа шаарында душмандын аймагында БТР танкасын жардырып, өзү да жантаслим болгон жигит Сузак районунун тургуну экени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы маалымдады.

УКМКнын билдиришинче, 1994-жылы туулган Бабур Исраилов 2013-жылдын ноябрь айында Орусияга иштегени кетип, андан ары Сириядагы согуштук аракеттерге тартылган. Бабур бир жарым жашында апасынан айрылып, атасы таштап кеткен соң таенесинин колунда, андан соң тагасынын колунда чоңойгон. Интернетте тараган видеону атасы бейтааныш жарандардын чөнтөк телефонунан көрүп калып, бул окуя ачыкка чыккан.

Облус аймагынан Сириядагы согушка аттанган 84 жарандын 14ү каза болгону расмий маалыматта айтылат. (RsK)

XS
SM
MD
LG