Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Түрмөдөн качкандар кол салган подполковниктин абалы оор


№50 абактын жарадар болгон подполковниги Тилек Абылгазиевдин абалы оор. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Александр Никсдорф билдирди. 12-октябрга караган түнү Чүйдүн Төмөнкү Нооруз аймагында жайгашкан №50 абактан 9 кылмышкер качып кеткен.

Кылмышкерлер аларды кармоого аракет кылгын Жаза аткаруу кызматынын үчөөнү муунтуп өлтүрүшкөн. Набыт болгондордун бирөө 25 жашта экени маалым.

Абактан качкандардын үчөө 2011-жылкы Спорт сарайынын алдындагы жардырууга айыпталган, Кыргызстанда тыюу салынган "Жайшул Махди" террордук уюмунун активдүү мүчөлөрү экени айтылууда.

Окуя боюнча милицияга маалымат берилип, ыкчам издөө иштеринин натыйжасында бешөө колго түштү.

Эркиндикте жүргөн төртөөнүн экөө өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Учурда аларды издөө уланууда. Жаза аткаруу кызматы алар өтө коркунучтуу кылмышкерлер экенин белгилейт. (JM)

XS
SM
MD
LG