Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:12

Президент кыргыз-орус фондуна ипотеканы өнүктүрүүнү тапшырды


Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстанда бюджеттик мекемелерде иштегендердин жана аскер кызматкерлеринин ипотекалык насыя алуусун жеңилдетүүгө жардам бериши керек. Мындай талап бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин фонд башкармалыгынын жетекчиси Нурсулу Ахметова менен жолугушуусунда коюлду. Ошондой эле мамлекеттик ипотека программасын ишке ашыруу жолдору тууралуу сөз болду.

Ахметованын айтымында, учурда аталган фонд аркылуу чакан жана орто бизнес менен алектенген жарандарга, айрыкча агро өнөр жай, тигүү, кайра иштетүү тармагындагыларга насыя берүү долбоору ишке ашырылып жатат.

Президент Атамбаев арзан ресурстар болуусун талап кылып, Кыргызстандын экспорттук жөндөмүн жакшыртуу жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында экономикалык жактан өнүгүүсү үчүн шарт түзүү зарылчылыгын баса белгиледи.

Кыргыз-орус фондун Орусия каржылайт. Алгач убада кылынган 1 миллиард доллардын азырынча 500 миллиону келген. (RK)

XS
SM
MD
LG