Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:25

Түркиядагы жардырууга “Ислам мамлекети” шектелүүдө


Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу
Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу

Бул тууралуу Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу билдирди. 12-октябрда Түркиянын НТВ каналында сүйлөп жатып Давутоглу "үч күн мурда болгон жардыруунун башкы максаты - биринчи ноябрда өтө турган шайлоого жолтоо болуу” деген пикири менен бөлүштү.

Премьер ошондой элек шектүүлөрдүн бирин полиция ДНК анализ аркылуу аныктап жатканын билдирди.

Соңку маалыматтарга ылайык, калайманда набыт кеткендердин саны 97ге жетти. Жүздөгөн адамдардын абалы оор. Ошол эле маалда жүрүштүн уюштуруучулары бийлик өлгөндөрдүн жана жабыркагандардын санын төмөндөтүп айтып жатканына нааразы. Алардын эсебинде өлгөндөрдүн саны 128ден ашты.

Набыт кеткендердин көбү азчылыктарды, анын ичинде күрттөрдү колдогон Элдик демократиялык партиясынын активисттери.

10-октябрда эртең мененки 10 ченде Анкаранын Борбордук темир жол вокзалынын жанында болгон жардыруу согушка жана террорчулукка каршы профсоюздар жана бейөкмөттүк уюмдар уюштурган митинг башталар алдында болгон.

Премьер-министр Ахмет Давутоглу далилдер бомбаны жанкечтилер жардырганын тастыктап жатканын айтып, кандуу булоондо набыт болгондорду эскерип, өлкө үч күн аза күтөт деп ишемби күнү жарыя кылган.

XS
SM
MD
LG