Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:11

Бишкекте “Маданий каракчылыкка жол жок!” аттуу акция өтөт


Бүгүн Бишкекте өтө турган “Каракчылыкка жол жок” аттуу акцияны Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик кызмат демилгеси менен уюштурулуп, ага чыгармачыл адамдар тартылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кызматтын Инспектирлөө бөлүмүнүн башчысы Аскар Нажимудинов кабарлады.

Иш-чаранын максаты автордук укук тууралуу коомчулукка маалымат берүү менен оңой олжо тапкандарга каршы күрөшүүнү көздөйт.

Каржы полициясынын маалыматына таянсак, былтыр өлкөдө 20 миңден ашуун уурдалган компакт-диск табылган. "Ош", "Дордой" сыяктуу базарларда дисктердин баасы 35 сом болсо, уруксат кагазы менен чыгарылган дисктер атайын дүкөндөрдө 300 сомдон 500 сомго чейин сатылат.

Өткөн жылы автордук укукту коргоо максатында мыйзамга өзгөртүү киригизилип, каракчылык кылгандарга карата айып пул 10 эсе көбөйтүлгөн. Мурда 2 миң сом айып төлөнсө, азыр анын көлөмү 20 миң сомго көбөйдү. Анткен менен адистер даяр чыгарманы көчүрүп сатуу кирешелүү бизнес экенин белгилешип, күрөшүү кыйынга туруп жатканын айтышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG