Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

ИИМдин бөлүм башчысына кылмыш иш козголду


Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын бөлүм башчысы көз боемочулук кылды деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты. Аталган мекеменин Коррупцияга каршы кызматы чогулткан материалдардын негизинде Башкы прокуратура кылмыш иш козгоду. Тергөө жүрүп жатат.

Кылмышка шектүү кызматкер бир жаранды чогуу бизнес кылабыз деп алдап 3,5 миллион сомун жымырып алган деп айыпталууда.

Ички иштер министрлиги бул тууралуу азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG