Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:32

Ошто “Бүтүн Кыргызстан Эмгектин” добуштары кайра саналып жатат


Бүгүн БШК өкүлдөрү “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын арызынын негизинде Ош облусундагы айрым шайлоо участкаларында добуштарды кайра санашууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШК мүчөсү Жеңиш Акматов билдирди.

Анын айтуусунда, аталган партия шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп Ош шаарынан 2, Араван районунан 3, Өзгөн районунан 4 участоктогу добуштарды кайра саноону талап кылган.

Учурда БШКнын үч мүчөсү, нааразы партиянын өкүлдөрү менен биргеликте аймактагы шек жараткан участоктордун добуштарын кайра санап жатышат.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясы 7% тосмодон өтпөй калган болчу. (YI)

XS
SM
MD
LG