Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

Оппозиция өкүлү президентти сотко берди


"Улуттук оппозициялык кыймыл" уюмунун лидерлеринин бири, "Эгемен Кыргызстан" партиясынын жетекчиси Бектур Асанов бүгүн Бишкектин район аралык сотуна президент Алмазбек Атамбаевди административдик жоопкерчиликке тартуу тууралуу арыз менен кайрылды. Асановдун пикиринде, мамлекет башчы парламенттик шайлоо алдында өзү түптөгөн Социал-демократтар партиясын (КСДП) ачык колдоп, Конституцияны жана шайлоо мыйзамдарын бузду.

Мисал катары Асанов быйыл 27-июлда журналисттердин алдында сүйлөп жатып Атамбаев КСДП президенттин партиясы экенин эскертип, шайлоого аттанган талапкерлер тизмеси жаңыланарын айтканын келтирди. Ошондой эле 2013-жылы 16-декабрда "Эгер КСДП парламентте 25 эмес, 60 орунга ээ болсо, өлкөдө тартипти тезирээк орнотмок", деп айтканы көрсөтүлдү.

"Эгемен Кыргызстан" партиясы быйылкы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген, бирок 5 миллион сомдук күрөөнү төгө албай койгонуна байланыштуу БШК чечими менен жарыштан четтетилген болчу. Сот бул чечимди мыйзамдуу деп тапкан. (RK)

XS
SM
MD
LG