Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:00

Сузакта бала бакчаны кайтаруу талабы менен митинг өттү


Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Винсовхоз айылынын тургундары кезегинде менчиктештирилип кеткен бала бакчанын имаратын мамлекетке кайтаруу талабы менен кечээ,13-октябрда тынчтык митингине чыгышты. Эки кабат имараттын алдына чогулгандар колуна "Эмил Узакбаев бакчабызбы кайтарып бер!", "Урматтуу президент, бакчаны кайтарууга жардам бериңиз" деген жазууларды кармап турушту.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Айти Тойчиевдин айтымында, Союз убагында аймактагы Октябрь совхозу жоюлгандыктан ага караштуу бардык социалдык объекттер 1993-жылы "Жүзүм-Шарап" акционердик коомунун карамагына акысыз өткөрүлүп берилген. Кийинчерээк, 1996-жылы Мамлекетик мүлк фондунун токтому менен алар кайра жергиликтүү бийликтин карамагына өткөрүлсүн дегенине карабай мыйзамсыз менчиктештирилгенин айткан митингчилер мамлекетке кайтаруу талабы орундалбай жатканын белгилешти.

Чогулгандардын айтымында, бала бакча имараты Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Эмил Узакбаевге тиешелүү.

Бирок мындай дооматты Узакбаевдин эжеси, Базаркан Чекиева жокко чыгарууда. Айтымында, имарат анын жеке менчигинде жана бир тууганынын буга тиешеси жок.

Айылдагы 140 орунга ылайыкташкан 2 кабат бала бакча 59 сотка жер аянтын ээлейт. Ал 1993-жылдан бери иштебей келатат.(RsK)

XS
SM
MD
LG