Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:17

Атамбаев: Кыргызстан АКШ менен кызматташтыкка өзгөчө маани берет


"Кыргызстан Америка Кошмо Штаттары менен кызматташууга өзгөчө маани берет" деди бүгүн президент Алмазбек Атамбаев АКШнын жаңы элчисинин ишеним грамоталарын кабыл алып жатып. Мамлекет башчы эки өлкө бири-бирин сыйлоо менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар болушу керектигин айтып, жаңы элчи Шейла Гуолтни эки өлкө ортосундагы мамилеге жаңы дем берерине ишенерин кошумчалады.

Бүгүн кыргыз президенти 6 чет мамлекеттин жаңы элчилерин кабыл алды.

АКШ элчиси Шейла Гуолтни 1999-2002-жылдары Бишкектеги элчиликте жетекчи орун басары болуп иштеп кеткен. Аны Кыргызстанга элчи кылып дайындоо тууралуу чечимин АКШ президенти Барак Обама 28-августта расмий жарыялаган.

2011-жылдан 2014-жылга чейин Гуолтни Москвадагы АКШ элчисинин орун басары болуп иштеген. Ага чейин (2008-2011-жылдары) АКШнын Санкт-Петербургдагы Башкы консулу болуп кызмат өтөгөн. Ал Дэвис шаарындагы Калифорния университетинин эл аралык мамилелер бөлүмүн окуп, бакалавр даражасына жана Вашингтон шаарындагы Жорж Вашингтон университетинин ошол эле адистиги боюнча магистр даражасына ээ болгон. Мамлекеттик департаменттин “Жогорку деңгээлдеги ардактуу сыйлык” жана “Өзгөчө сиңирген эмгектер үчүн” сыйлыктарына ээ. (SzD/RK)

XS
SM
MD
LG