Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Ирак армиясы Рамади шаарын экстремисттерден кайтарып алууга даяр


Ирактын Рамади шаарын май айында экстремисттер басып алышкан.
Ирактын Рамади шаарын май айында экстремисттер басып алышкан.

Бул тууралуу бүгүн Пентагондун өкүлү Стив Уоррен билдирди. Анын айтуусунда, өлкөнүн түндүгүндөгү Рамади шаарын америкалык аскерлердин машыгуусунан өткөн Ирактын коопсуздук күчтөрү кайтарып алууга даяр. АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлү соңку 10 күн ичинде жасалган аба чабуулдардан улам экстремисттик топтун жүздөгөн согушкерлери жок кылынып, алардын курал-жарак сактаган кампалары жардырылганын кошумчалады.

“Азыр Ирактын өкмөттүк күчтөрү шаарды кайтарып алышына бардык шарттар түзүлдү деп эсептейбиз”,- деди Уоррен.

Пентагондун баамында, учурда шаарда радикал топтун миңге жакын согушкери болушу ыктымал.

Рамади ушул жылдын май айында экстремисттердин колуна өткөн.

XS
SM
MD
LG