Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Кундуз гуманитардык кризиске туш болду


Кундуздагы ооган армиясынын аскерлери
Кундуздагы ооган армиясынын аскерлери

Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз шаары талиптерден бошотулган соң бүгүн шаар тургундары өз үйлөрүнө кайта башташты. Тонолуп, кыйрап калган Кундузда учурда тамак-аш жетишпейт, суу жана электр жарыгы жарым-жартылай калыбына келтирилди.

Шаардыктар талиптер кайра келиши мүмкүн деген кооптонуусун айтышууда.

Ал эми “Чек арасыз дарыгерлер” уюму 14-октябрда жасаган билдирүүсүндө эки апта мурда Кундуздагы уюмдун ооруканасына жасалган АКШнын аба соккусунан жабыркаган дагы эки адам көз жумганын кабарлады. Жалпысынан бул окуя 24 адамдын өмүрүн алды.

АКШ бул чабуул жаңылыштык менен жасалганын айтып, жабыркагандарга компенсация төлөп берүүгө даярдыгын билдирген.

“Талибан” кыймылы өз күчтөрүн Кундуз шаарынан чыгарып кете турганын 13-октябрда маалымдаган. Кыймылдын өкүлдөрү өздөрүнүн бир канча кишилерин түрмөдөн чыгарып, аскер техникаларды алганга үлгүрүшкөнүн айтышкан.

Талиптер Кундуз шаарына 28-сентябрдын таңында чабуул коюп, кечке маал толугу менен ээлешкен. Эртеси күнү Ооганстандын коопсуздук күчтөрү аймакты кайтарып алуу операциясын баштаган.

XS
SM
MD
LG