Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Каспий деңизиндеги орус-казак чек арасы кайра такталат


Бүгүн Астанада Казакстан менен Орусия президенттери Каспий деңизинин түбүндөгү чек араларды аныктоону караган келишимге өзгөртүү киргизүү боюнча протоколго кол коюшту. Келишим деңиздеги жаратылыш байлыктарын өз алдынча пайдалануу максатында түзүлгөн.

Владимир Путиндин айтуусунда, документ деңиздеги ири көмүр кылчкылтек кенин тезирээк өздөштүрүүгө жол ачмакчы. Нурсултан Назарбаев Орусия мамлекет башчысы менен жолугушууда Казакстандын аймагы аркылуу Кытайга өткөн куурду пайдалануу, Каспийдеги кендерди биргелешип өздөштүрүү маселелери, көмүр казуу тармагындагы кызматташуу талкууланганын билдирди.

Ошондой эле Акордодо эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосунда авиациялык издөө жана куткаруу чөйрөсүндө келишимге кол коюлду. Ал эми «БИПЭК Авто Казахстан» жана «АвтоВАЗ» компанияларынын стратегиялык өнөктөштүгү жөнүндө да мамлекет башчылары макулдашышты. (AA)

XS
SM
MD
LG