Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Тажикстанда сойкулар 15 суткага камалат


Парламенттин чечими менен мындан ары Тажикстанда сойкулукка тартылгандар 10 суткадан 15 суткага чейин камалат. Мындай жаза алгач сойкулук менен кармалып, айыппул төлөгөндөн кийин ошол ишин кайра эле уланта бергендерге карата колдонулат. Тажикстанда сойкулар азыр минималдуу айлык акынын 20-40 көрсөткүчүндө айыппул төлөшөт.

Бирок өлкөнүн мыйзамдары боюнча сойкулук кылмыш деп саналбайт. Көбүн эсе аларды милиция кармап барып, проткол түзүп, гинекологиялык текшерүүдөн гана өткөрүп, айыппул төлөгөндөн кийин бошотот.

2015-жылдын май айында Глобалдык фонд Тажикстанда 14 миң сойку иштерин демографиялык жана медициналык изилдөөлөрдөн кийин аныктаган. Бирок Тажикстандын Саламаттык министрлиги бул маалыматты тастыктаган эмес.

XS
SM
MD
LG