Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:31

Ошто марафондо 200дөй өспүрүм чуркады


16-октябрда Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо 9 жаштан 14 жашка чейинки балдар “Жашоо үчүн марафон” деп аталган чуркоо акциясына катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Бул күнү дүйнөнүн 60 өлкөсүндө өтүп жаткан марафондо 100 миңге чукул бала чуркоого катышканын иш-чаранын уюштуруучусу “Save the Children International” эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди. Бул акция балдар үчүн арналган дүйнөдөгү эң чоң марафондордун бири болуп калды.

Эл аралык коомчулукта “Race for Survival” аталчу марафон жаштардын ден соолугун чыңдоо жана балдардын өлүмүн азайтуу максатын көздөйт. Акция ошондой эле балдарды сөзсүз эмдөөгө чакырык жасайт.

Марафон Кыргызстанда быйыл үчүнчү жолу өттү. Биринчи жолу 2013-жылы Бишкек шаарында өтүп, анда Кыргызстан 67 өлкөдөн үчүнчү орунду алган. Экинчи жолу былтыр Ноокат районунда балдар марафондо чуркашкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG