Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

“Жашыл Бишкек” экологиялык акциясы өтүп жатат


Баш калаада бүгүн “Жашыл Бишкек: мектептерди көрктөндүрүү” акциясы өтүп жатат. Анын алкагында борбордун кичирайондорундагы жана жаңы конуштардагы 15 мектепке 5 миң даана көчөт отургузулат. Өнөктүктү “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду мэрия менен бирге өткөрүүдө.

Буга чейин өнөктүк алкагында Бишкектеги алты мектепке, Ботаникалык бакка, Агрардык университеттин короосунда 1200 көчөт тигилген.

Акцияга Кыргыз инвестициялык банкы менен Ага-Хан өнүгүү тармагы колдоо көрсөткөн. (SE)

XS
SM
MD
LG