Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Сириядан Түркияга багыт алган качкындар агымы токтой элек


Түркия менен Сирия чек арасында Алеппо провинциясынан качып келаткан жүздөгөн бозгундар турат. Алар орус аскерий учактарынын соккуларынан жан сактоо максатында чек араны көздөй агылып жатканын жергиликтүү булактар кабарлоодо.

Ушул тапта Жилвегезу деп аталган өткөрүү пунктунда бир жарым миңдей аялдар, улгайган кишилер жана балдар бар. Алар Түркиянын NTV каналына маек берип, орус аскерий учактарынын колдоосунда өкмөт армиясы чабуулдарды күчөткөндөн бери ондогон жайкын тургун мерт кеткенин билдиришти.

Москва өткөн айдан тарта Дамаскка аскерий көмөк көрсөтө баштагандан бери өкмөт күчтөрү оппозицияга каршы күрөштү күчөткөн. Президент Башар Асад муну мамлекетте стабилдүүлүк орнотуу аракети катары баалаган.

2012-жылдан тарта Алеппо провинциясы эки аймакка бөлүнүп, батыш тарабын өкмөт күчтөрү көзөмөлдөйт. Чыгыш тарабы оппозициялык “Сириянын эркин армиясы” кыймылынын колунда.

Сирияда 2011-жылы жарандык согуш башталгандан бери 200 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды. (SE)

XS
SM
MD
LG