Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Молдованын мурунку өкмөт башчысы дагы 30 күн абакта отурат


Мындай чечимди Молдованын соту прокуратуранын талабы менен 18-октябрда кабыл алды. Мурунку өкмөт башчы Влад Филат мамлекеттин банк системасынан жоголгон 1 млрд. долларга байланыштуу айыпталууда.

Молдова өкмөтүн 2009-жылдан 2013-жылга чейин башкарган Влад Филат 15-октябрда парламентте кармалган.

Прокурор Корнелиу Гуриндин айтуусунда, Филат 250 млн. доллар пара алып, үч банкты көзөмөлдөөгө бизнесменге мүмкүнчүлүк берген. Ал банктардан 1,5 млрд. доллар 2014-жылы ноябрь айында жоголгон.

Влад Филат коюлган айыптарды четке кагып, муну саясий атаандаштар уюштурууда деп билдирүүдө. Банк системасынан ири өлчөмдө акчанын жоголушу Молдовада массалык нааразылык акциясы алып келип, акцияга чыккандар жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлердин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG