Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Коркмазов: Нарымбаев Түлеевдин мүлкүн бошотуу үчүн 50 миң доллар сураган


Хажимурат Коркмазов
Хажимурат Коркмазов

“Бул акча Жогорку сот төрагасынын орун басары Турганбековго бир жолу телефон чалуу үчүн керек, деп айтты. 50 миң долларды мага Назгүл Түлеева алып келип берген, мен аны Данияр Нарымбаевге алып барып бердим. Мен Түлеевдин жакындары менен Нарымбаевдин ортосунда ортомчулук кызмат аткаргам", - деп билдирди бүгүнкү соттук жараянда айыпталуучу Хажимурат Коркмазов.

Ушул тапта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Хажимурат Коркмазов менен Данияр Нарымбаевдин коррупциялык ишине байланыштуу сот отуруму жүрүп жатат.

Мурдагы сот отурумунда иш боюнча айрым күбөлөр сурак берген. Сот алдында Кыргызстан социал-демократтар партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нургазы Айдаров суралышкан.(UEz;ZKo)

XS
SM
MD
LG