Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

38-орто мектептеги мушташта мугалимдер да жабыркаган


Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады. 20-октябрда 38-орто мектепке Олимпиадалык резерв мектебинин 80дей окуучусу кирип келип, мектеп окуучуларына, мугалимдерге кол салышкан.

Министрликтин маалыматы боюнча, спорт мектебинин балдарынын колунда башына мык кагылган таяктар болгон. “Мектептин директору жана мугалимдер аларды токтотууга аракет кылышканынан майнап чыккан эмес. Мугалимдер эптеп башталгыч класстын окуучуларын жашырууга жетишкен, спорт мектебинен келген балдар эшик-терезелерди талкалап, чоң класстын окуучуларын жана мугалимдерди сабашты”, деп айтылат маалыматта.

Билим берүү жана илим министрлиги ИИМ, Бишкек шаар мэриясын жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик менен биргелешип, бул маселе боюнча чогуу талдап, чечүүнү сунуштоодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG