Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

Ошто дарыгерлер кыйноолор боюнча сабак алды


Бул тууралуу Кыргызстандагы кыйноого каршы коалициясынан кабарлашты. 19-20-октябрь күндөрү Ош шаарында иштеген 20дан ашык дарыгер кыйноого кабылган же зомбулукка туш болгон бейтаптарды кароо жана алардын абалын документтештирүү тууралуу окуудан өтүштү. Алар камакта жаткан жарандарды күч кызматкерлеринин көзүнчө кантип текшерүү керек, кыйноо болгон учурду кантип каттап, кимге билдирүү берүү керектигин үйрөнө алышты.

Өз учурунда тренингге катышып жаткан дарыгерлер кыйноо катталган кээ учурларда аларга укук коргоо органдары тарабынан кысым болоорун, же зомбулук көргөн бейтап өзү абалын эч кимге билдирүүнү каалабаган жагдайлар бар экендигин билдиришти.

Юристтер болсо адам үйүнөн зомбулук көрсө милицияга кабар бериш керектигин, милициянын кыйноосуна кабылса прокуратурага билдирүүсү керектигин айтышты. Антпесе мыйзамдын негизинде дарыгерлер өздөрү жазаланышы мүмкүндүгү белгиленди. Эксперттер ошондой эле убактылуу кармоочу жайларда шектүүнү үшүтүү, ачка коюу, думуктуруу, же башка нерселер менен кыйноо орун алган учурда да дарыгерлер кандай кадамга баруусу керектигин түшүндүрүштү.

Окууга травматологдор, гинекологдор, медициналык эксперттер жана башка дарыгерлер катышты. Тренингди Саламаттыкты сактоо министрлигинин колдоосу аркылуу Кыргызстандагы кыйноого каршы коалициясы өткөрдү. (ErN)

XS
SM
MD
LG