Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:21

Норвегия башпаанек сурагандардын айрымдарын Орусияга кайтарат


Норвегия өкмөтү билдиргендей, алар башпаанек сурагандардын айрымдарын жакын арада Орусияга кайтара баштайт. Анткени полициянын маалыматына караганда 1600дөй сириялык жана башка мигранттар Норвегияга Орусия аркылуу киришти.

Норвегия өкмөтүнүн эсебинде, алардын 20-30% Орусияда мыйзамдуу жашаган жана коопсуздугуна анчалык коркунуч жок.

Норвегиянын юстиция министри Андерс Анундсен белгилегендей, азыр өлкө бийликтери коргоого чындап муктаж эмес жана Орусияда мыйзамдуу жашган мигранттар кайра артка жөнөтүлөрүн ачык эскертип коюу маанилүү болуп турат.

Орусиянын мыйзамдары чек араны жөө кесип өтүүгө уруксат бербейт. Норвегия болсо чек арадан качкындарды автоунаа менен ташууну адам аткезчилиги катары карайт. Мындан улам эки өлкө ортосундагы Струскуг бекетинен качкындар велосипед менен өтүшкөн. (UE)

XS
SM
MD
LG