Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Ошто жыл башынан бери 21 жаңы ишкана ачылган


Бул тууралууу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Аскаров Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн тогуз айдагы жыйынтыктарын караган жыйында билдирди. Ал быйыл шаар жетекчилигинин эң башкы ийгилиги катары «Жин-Мей» ЖЧКда Кыргызстанда биринчилерден болуп түстүү телевизорлорду чыгаруу жолго коюлганын мисал кылды. Бул завод келерки жылы 1,7 млн. доллар инвестиция тартып, муздаткычтарды жана газ плиталарды чыгарары пландаштырылган.

Жыл башынан бери Ош шаарында мрамор ташын кесип экспортко жөнөтүүчү кичи ишкана (“Токобаев” ЖИ), тигүү цехтери (“Эркинай” ЖИ), “ЖБИ-20” акционердик коомунун базасында «Элкон» бетон чыгаруучу заводу, «Хабиби» лоунж – бары, «Домус» дүкөнү курулуп ишке берилген.

Жаңы ишканаларда 218 жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Шаар боюнча 667 жаңы жумуш орундары ачылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG