Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

ИИМ каза болгон кызматкердин жакындарына көңүл айтты


Төлөбек Исмаилов.
Төлөбек Исмаилов.

Ички иштер министрлиги абактан качкан Алтынбек Итибаевди кармоо операциясында каза тапкан милициянын атайын кызматынын өкүлү Төлөбек Исмаиловдун жакындарына көңүл айтты.

Маркум 37 жашта болчу. 2006-жылы кызматтагы ийгиликтери үчүн мамлекеттик “Эрдик” медалы менен сыйланган. Бир катар ардак грамоталарды жана 34 жолу ар кандай сыйлыктарды алган.

22-октябрь күнү кечинде Бишкектин Достук кичи районунда абактан качкан Алтынбек Итибаев атып өлтүрүлдү. Операция учурунда милициянын атайын кызматынын бир жоокеринен сырткары, эки жайкын тургун набыт болду. (SE)

XS
SM
MD
LG