Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Тажикстанга күйүүчү май ташып бараткан унаа кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты. Ош шаарынан чыгып Баткен облусуна багыт алган DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа 40 миң 800 литр дизелди мыйзамсыз жүктөп бара жатканда кармалды.

Текшерүүдө салык көзөмөлдөө кызматы тарабынан унаадагы жүккө берилген пломбанын номуру менен жүктүн документтери дал келген эмес.

Мындан сырткары унаанын модели менен менен мамлекеттик номери да, салыкчылар тарабынан берилген документке окшош чыкпай калган.

Натайжада жүк ташуучу унаанын айдоочусуна кылмыш иши козголуп, унаа камакка алынды. 1 млн. 305 сомдук күйүүчү майды айдоочу Баткенден ары Тажикстанга аткезчилик менен алып өтүүнү пландаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG