Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

Бильярдчы Дастан Лепшаков дүйнө чемпиону болду


Дастан Лепшаков
Дастан Лепшаков

Кыргызстандык бильярдчы Дастан Лепшаков Финляндиянын Иматра шарында өткөн бильярддын «Динамикалык пирамида» түрү боюнча дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү болду.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 25-октябрда алтын байге үчүн болгон беттеште ал беларустук Евгений Салтовский менен таймашып, 7:1 эсебинде утуп алды.

Лепшаков дүйнө чемпиондугунда жалпысынан 6 беттеш өткөрүп, орусиялык Никита Володинди 7:4, беларус спортчулары Святослав Семеновду 7:5, Сергей Крыжановскийди 7:6, украиналык Павел Родионовду 7:6 эсебинде утуп алган. Жарым финалда дүйнө чемпиону, орусиялык Никита Ливаданы 7:1 эсебинде жеңип финалга чыккан.

22-октябрда башталган бильярддын Динамикалык түрү боюнча дүйнө чемпиондугуна 14 өлкөдөн 61 спортчу катышты. Оюндар олимпиадалык система боюнча өткөрүлдү.

Кыргызстандан бул мелдешке Лепшаков менен кошо бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев да барган. Ал алгач финляндиялык жана грузиялык атаандаштарын 7:2 жана 7:1 эсебинде ири айырма менен жеңип, жарым чейрек финалда казакстандык Алибек Омаровго 7:2 эсебинде утулуп мелдештен четтеген.

18 жаштагы Дастан Лепшаков 2014-жылы Чолпон-Ата шаарында жаштар арасында “Кураштырма пирамида” боюнча дүйнө чемпиону болгон. (ECh)

XS
SM
MD
LG